Кыргызстандын паспортун чет элдиктер жасап жатса кылмышкердин баары Кыргызстандык болобу?

Мезгил

Учурунда жеке менчик компанияларга паспорт маселесин тапшырып койгондуктан бүгүн ар кандай кѳйгѳйлѳр жаралып жатат. Бул тууралуу коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди.

-Мамлекеттин ѳзүндѳ канча бланка бар, жеке менчик компаниянын ээсинин үйүндѳ канча бланка бар экенин мамлекет билбейт. Ал гана эмес жалпы канча бланка бар экенин эч ким айта албайт! Анткени, жеке менчик деген жеке менчик да. Алар канча бланканы ѳкмѳткѳ жасады, канчаны ѳзүнѳ жасады? Бул нерсени эч ким билбейт. Жооп да бере албайт!-деди Каптагаев.

Коомдук ишмер мамлекет тартип жагын тыкыр  кѳзѳмѳлгѳ алуу керектигин кошумчалайт.

-Ал эми чет жердеги кыргыз элчиликтеринин ѳзүм билемдиги мыйзам бузуулары канча жолу айтылды. ТИМ канча жолу сынга кабылды. Мына кечээги окуя да буга далил. Издѳѳдѳ жүргѳн кылмышкер адам биздин мамлекеттин желеги тагылган, эч ким токтотпой турган мамлекет тарабынан коргоо берилген номер тагынып алып сайраңдап жүрѳт. Бул бизде тартип жагынан эң чоң кѳйгѳй бар экенинен кабар берет-деди Каптагаев.

Эске салсак ушул жылдын жай айында Кыргызстанда жалпы жарандык паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендерде чыр чыккан. Тактап айтканда , Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге чет өлкөлүк беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тендер чыры боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерде «Гарсу Пасаулис» утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган.

Мунун негизинде Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Ал эми Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаикова кызматтан кеткен. Ушу тапта Сарыбаев менен Абдуллаев үй камагында отурат.

Бул чатакта УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон эле.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *