Кыргызстандын Түркиядагы жарандары 15-майда учуп келет

 Мезгил

Кыргызстандын Түркиядагы жарандары 15-майда учуп келет. Бул тууралуу   Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалым болгондой,   15-майда Стамбулдун эл аралык аэропортунан Бишкек шаарына чартердик каттамдагы учак учуп келет. Стамбул – Бишкек каттамын ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүүлөр Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттүк мекемелеринин ортосунда жүргүзүлгөн.

«Авиабилеттердин сатылышы түздөн түз аэропортто тизмеге ылайык жүргүзүлөт. Билеттин баасы 187 еврону түзөт. Уруксат берилген жүктүн салмагы 30 кг», – деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *