Кыргызстандын тышкы жана ички карызы 4 миллиард доллардан ашты

Мезгил

2019-жылдын акыркы алты айына чейин Кыргызстандын тышкы жана ички карызынын саны 4 миллиард 471,91 миллион АКШ долларын түздү. Бул тууралуу каржы министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, мамлекеттик тышкы карыз — 3 миллиард 792,64 миллион АКШ долларын түзөт.

Ал эми мамлекеттик ички карыз — 679,27 миллион АКШ долларына жетти.

Эске салсак, былтыр өлкөнүн карызы 4 миллиард 4 миллион долларды түзгөн. Анын 85,7 пайызы тышкы, 14,3 пайызы ички карыз болуп саналат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *