Кыргызстанга чартердик каттамдар менен чет өлкөлөрдөн келген 5 адамдан коронавирус аныкталды

Мезгил

Кыргызстанга чартердик каттамдар менен чет өлкөлөрдөн келген 5 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, 17-апрелден баштап Кыргызстанга 5 чартердик каттам уюштурулуп, 1117 жүргүнчү учуп келинген.

«Жүргүнчүлөрдүн баарынан ПЧР ыкмасы менен анализ алынган. Алардын ичинен коронавирус жуктурган 5 учур тастыкталды», – деди ал.

Жарандар Анкара—Бишкек, Новосибирск—Бишкек, Екатеринбург—Бишкек, Стамбул—Бишкек, Дубай—Бишкек чартердик каттамдары менен келишти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *