Кыргызстанга Кытайдан эки күндө 42 адам келди

   Мезгил

Кыргызстанга Кытайдан эки күндө 42 адам келип, анын тогузу ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

 Маалым болгондой, студенттердин алтоосу Москва райондук ооруканада жатса, үчөө Сокулук районунун аймактык ооруканасында.

Аларда оорунун белгилери байкалган жок, бирок өздөрү дарыгердин көзөмөлүндө болууну туура көрүштү. Абалдары канааттандырарлык. Алар вирус жапырт чыккан Хубэйден эмес башка провинциялардан келди. Министрликтин айтымында Кыргызстанда коронавирус катталган жок.  

Жалпысынан Кытайдан 28-29-январда 42 киши келди.  Анын 24ү кыргызстандык болсо, 18и Кытайдын жарандары.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *