Кыргызстанга Кытайдан гуманитардык жардам келди

Мезгил

Кытай Эл Республикасы гуманитардык жардам катары Кыргызстанга  медициналык каражаттарды  берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Гуманитардык жардамды кабыл алуу иш-чарасына вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Кытай Өкмөтү чартердик каттам менен 100 000 даана ПЧР-тест, медициналык көз айнек – 30 000, N95 бет кап – 30 000, медициналык бет кап – 150 000, термометр 1000 даана  өлкөгө жеткирип берди. 

Иш-чарада  вице-премьер-министр  Акрам Мадумаров Кытай Өкмөтү гуманитардык жардам гана бербестен, коронавируска каршы күрөшүүдө консультациялык жактан дагы көмөк көрсөтүп жатканын белгиледи.

 Эскерте кетсек, буга чейин дагы Кытай Өкмөтү Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам катары коргоочу медициналык жабдууларды берген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *