Кыргызстанга Польшадан дарыгерлер келди

 Мезгил

Бүгүн, 19-апрелде Кыргызстанга Польшадан дарыгерлер келди.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  Маалым болгондой, жалпысынан 10 медициналык кызматкер  келди.

 Алар Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүшөт. Эки өлкөнүн адистери аталган багытта топтолгон маалыматы менен бөлүшүп, тажрыйба алмашышат.

Белгилей кетсек, буга чейин Кытайдан да 15 медицина кызматкери келээри айтылган.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *