Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жардам келди

  Мезгил

Кыргызстан менен Өзбекстандын президентинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Кыргызстанга  кезектеги гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Гуманитардык жүк өзүнө 50 комплект кычкылтектин мобилдик концентратын жана 100 даана инвазивдүү эмес өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратын  камтыйт.

Жалпы салмагы 8 тонна болгон гуманитардык жүк авиакаттам аркылуу бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен жеткирилген.

Кыргызстандын  өкмөтү Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүлгөн көмөгү үчүн жана бир тууган өзбек элине колдоо көрсөтүүсү үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *