Kyrgyztoday сайты Ахматбек Келдибековдон кечирим сурап, компенсация төлөп берет

   Мезгил

Kyrgyztoday сайты Жогорку Кеңештин V чакырылышынын спикери Ахматбек Келдибековдун кадырына жана беделине шек келтирген макала жарыялагандыгы үчүн актоо макаласын берип, компенсация катары 30 миң сом төлөп бере турган болду.

Эске сала кете турган нерсе мурда Ахматбек Келдибекович интернет-порталдын дарегине карата доо арыз менен Биринчи май райсотуна кайрылган. Анда Kyrgyztoday сайты аны “Коррупционер” деп атоо менен өзүнүн аброюна шек келтирип, каралаган макала жарыялагандыгы үчүн 1 миллион сом компенсация өндүрүп берүүнү суранган. Эми соттун чечими чыкандыгы тууралуу сот инстанциясынын канцеляриясынан кабарлашты.

“Kyrgyztoday басылмасы менен биздин жактоочулар иш алып барып жатышат. Анткени, Ахматбек Келдибекович азыр чет жакта. Ал кишинин мындан башка деле маанилүү жумуштары көп.

Сот Kyrgyztoday басылмасы Ахматбек Келдибековдун намысына шек келтирген маалыматты төгүндөдү. Биз мыйзамдык негизде Kyrgyztoday басылмасы чындыкка төп келбеген далилсиз маалымат таркатып, Ахматбек Келдибековду “коррупционер” деп жаманатты кылуу максатын көздөгөнүн далилдей алдык”, – деп билдирген “Ата Журт” саясий партиясынын маалымат кызматы.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *