Кырсык баскан Австралия. Аталган өлкөнү кумдуу бороон каптап, мөндүр унааларды талкалады

Мезгил

Австралияны кайрадан кырсык басты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Австралияда көлөмү жумурткадай болгон мөндүр жаап, унаалардын айнектерин, дарактардын жалбырактарын ошондой эле үйлөрдүн чатырларын талкалап кетти.  Ыкчам кызматы бир сутканын ичинде эле миңден ашуун чалууларды кабыл алды. Муну менен катар эле аталган өлкөнү катуу кумдуу бороон каптады.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына  27 метрге жетип кумдуу  бороон 10-кабаттын дубалына чейин жеткен.   

  Ошондой эле метеорологдор Виктория штатын топон суу каптап кетүү мүмкүн экендигин айтышып, алдын ала эскертишүүдө. Себеби жакынкы убакта ал жакта катуу жамгыр жаашы күтүлүүдө.   

 Эске салсак, Австралияда  2019-жылдын сентябрь айында тутанган өрттөн 10  миллион гектар жер күйүп, миңдеген турак жай өрттөнүп кеткен. Кырсыктан 26 адам каза болуп, миллиарддан ашык жан-жаныбар өлгөн.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *