Кытай: Коронавирус аз келгенсип эми куш тумоосу жайылды

   Мезгил

Кытайдын түштүк-батыш тарабындагы Сычуань провинциясында H5N6 деп аталган куш тумоосу жайылып, бирок анын кишиге жуккан учуру каттала электиги кабарланды. Бул туурасында чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган окуя Наньчун шаардык  аймагынын Сичун уездиндеги фермалардын биринде катталган. Фермадагы 2497 үй канаттууларынын 1840ы вирустан улам кырылып калгандыгы кабарланган.

Эпидемиядан кийин жергиликтүү  бийлик оорунун таралып кетишин алдын алуу максатында зарыл чараларды көрүп, 2,26 миңден ашуун үй канаттуусу жок кылынган.

Буга чейин февралдын алгачкы күндөрүндө коронавирус илдетинин очогу болгон Хубэй провинциясынын түштүк тарабы менен чектешкен Хунань провинциясында куш тумоосунун жогорку патогендүү H5N1 түрү аныкталганы кабарланган. Жергиликтүү бийлик илдетти жайылтпоо максатында 17,8 миң үй канаттуусун жок кылган.

Мезгил ньюс 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *