Кытай Кыргызстанга дагы гуманитардык жардам жөнөттү

   Мезгил

Коронавирус менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүү максатында Кытайдын Коргоо министрлиги тарабынан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө 22 млн сомго медициналык багыттагы гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан башчысы Райимберди Дүйшөнбиев Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь менен болгон жолугушууда Кытай тарапка көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди. 

Башкы штабдан белгилешкендей, келген жардам Куралдуу күчтөрдүн аскер бөлүктөрү, мекемелери арасында бөлүштүрүлөт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *