Кытай Кыргызстанга оор жүктөрдү толугу менен өткөрүүгө өзүнүн шартын койду

   Мезгил

Кытай Кыргызстанга оор жүктөрдү өткөрүүнү көбөйтүүгө өзүнүн шарттарын  койду.  Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кытай тарап кытайлык компаниялардын коопсуздугун камсыз кылууну, унаалардын жана чиркемелердин  техникалык абалын сактоону, жеткирүүлөргө оңдолбогон жана эске унааларды чыгарбоону ошондой эле, унаага чиркелген жүктүн техникалык параметрлерин эске алууну талап кылууда.

Анын ордуна Кытай тарап “Торугарт” көзөмөл өткөрүү түйүнүнөн оор жүктөрдү ташууну көбөйтүү үчүн иштөө режимин өзгөртүүнү убадалады. Учурда  Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр уланууда.

Белгилей кетсек, Кыргыз тарап Кытайга жүк ташууну көбөйтүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган. Буга кытай тарап жооп берип, жүк ташууну көбөйтүү үчүн өз талаптарын сунуштаган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *