Кытай тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдырууга макул болду

   Мезгил

Кытай тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча сунушту кабыл алды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин  эки өлкө башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Кытай тарап өтүнүчтү кабыл алды. Учурда “Эксимбанктан” биздин адистерге байланышып, иштер башталды. Башка эл аралык уюмдардан алган карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча да сүйлөшүүлөр Париж клубунун алкагында жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстандын жалпы тышкы карызы 3,7 миллиард доллар болсо, анын 1,7 миллиард долларга жакыны Кытайдан алынган. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *