Кытай вирус жугузуп алган жарандарга өзүнчө оорукана курууда

 

Мезгил

Оорукана Кытайдын  вирус тараган ордосу Ухань шаарында жума күнү курулуп баштайт. Бул туурасында чет элдик массалык маалымат каражаттары жазышты.     

 Анда айтылгандай, жума күнү эртең менен оорукана курула турган аянтта ондогон экскаваторлор иштейт. Аянтта казуу иштери башталып курулушка даярдалат. Куруу иштерин 2-февралда аяктоону пландап жатышат. Оорукананын аянтты 25миң чарчы метрди түзөт. Ооруканага бир убакта 1000 оорулуну батыра алат.   

Декабрь айынын аягында Кытай бийлиги Ухань шаарында чыккан тумоо боюнча билдиришкен. Эксперттер аныктап, тумоонун жаңы түрү кор вирусу экенин айтышкан. Акыркы маалыматтарга караганда ооруну жугузгандардын саны 830ду түзсө,  каза болгондордун саны 26 адамга жетти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *