Кытайда чыккан коркунучтуу вирус дүйнөнү дүрбөлөңгө салды

 Мезгил

Бүгүнкү күндө Кытайда тарап жаткан кор вирусунан өлгөн адамдардын саны 6 га жетти. Бул коркунучтуу вирус дүйнөгө да тарап жатканы байкалып, бүгүн 22-январда АКШда вирусту жуктурган бир адам катталды. Оору жугузуп алган адам  бир жума мурун Кытайдан учуп келгендигин айтышты. Ал эми коңшу Өзбекстан мамлекети да Кытай жарандарын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды. Бул илдет Кыргызстандыктарды да дүрбөлөнгө салып, «Манас» эл аралык аэропортунда  текшерүү иштери башталды.

  «Манас» эл аралык  аэропортунда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери Үрүмчүдөн учуп келгендерди текшерип жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Мындан тышкары бүгүн 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында  бул коркунучтуу вируска өкмөт көңүл бөлүшү керектигин Бакыт Төрөбаев айтып чыкты.

 Кытайда Жаңы жыл майрамы белгиленип жатканына байланыштуу 23-январдан 1-февралга чейин каттамдар убактылуу токтойт. Бул вируска карата Орус мамлекетти да чек арасында жана аэропортунда текшерүүлөрдү күчөттү.

Москвадагы Шереметьево аэропорту AFP агенттигине маалымдагандай, Кытайдан учуп келген каттамдардын жүргүнчүлөрүн текшериш үчүн кошумча санитардык көзөмөл жагынан чара көрүлөт. Жүргүнчүлөр учактан түшүрүлбөй туруп алардын дене табы өлчөнөт.

Бул эмне деген вирус?

Кытайдын Ухань шаарынын гигиена жана ден соолукту коргоо комитетинин маалыматты боюнча вирус жугузган адамдын баштапкы белгилери дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп баштайт. Ооругандардын көпчүлүгү эркектер. Жугуу коркунучу көбүнчө улгайган адамдарда жогору.

Азырынча аныкталган маалымат боюнча, РАН маалымат жеткирүү көйгөйү Институнун молекулярдык эволюция секторунун башчысы Георгий Базыкин инфекция жарканаттан жана башка жапайы жаныбарлардан жугушу мүмкүн экенин айткан.

Башында бул вирус адамдан адамга жугаары белгилүү болгон эмес, 20-январда вирус жугуштуу экени белгилүү болду.

Кытай мамлекетинин гигиена жана ден соолукту коргоо комитети бери дегенде эле 14 медицина кызматкерлери вирусту оорулуулардан аларды кароо учурда жуктуруп алышкан.    

Эскерте кетсек, 9-январда Кытайдын Ухань шаарында белгисиз болгон вируска чалдыккан адамдар катталып, ооруунун кесепетинен көз жумушкан.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *