Кытайдагы коркунучтуу вируска карата Кыргызстандын чек араларында 11 санитардык түйүн иштеп жатат

   Мезгил

Кыргыз, кытай, тажик жана өзбек чек араларында 11 санитардык түйүн иштеп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Пункттардын кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн ден соолугу жөнүндө сурамжылоо жүргүзүп, алардын дене табын өлчөөчү жабдуулар  менен кылдат текшерип жатат. 

Андан тышкары, санитардык карантин пункттарын Кыргызстан менен Казакстандын ички чек араларында дагы орнотуу пландалууда.

Министрлик буга чейин айтылып жаткан коркунучтуу коронавирус вирусу Кыргызстанга да жетти деген маалыматты четке кагып, бул жалган маалымат экендигин айтты.   

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *