Кытайдан 6 кыргызстандык студент келди

   Мезгил

Кытайдан келген кыргызстандык студенттер изоляторлордо кармалууда. Бул тууралуу өкмөттүн  маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, бүгүн эртең менен Үрүмчү шаарынан 6 кыргызстандык студент келген. Алар Үрүмчү шаарындагы Синьцзян университетинде окушат.

Учурда бардык студенттер атайын чатырларда (изоляторлордо) кармалууда, аларга медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Студенттердин ден соолугу канааттандыраарлык, эч кандай оорунун белгилери жана симптомдору чыккан жок. Азыр лабораториялык диагностикалык изилдөө иштери жүрүп жатат. 

 Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынын жождорунда окуган Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Зарылдыкка жараша кыргыз жарандарын эвакуациялоо маселеси иштелип чыкты.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *