Кытайдан келген студенттер 10 күн ооруканада болушат

  Мезгил

Кытайдан келген студенттер 10 күн ооруканада болушат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

 Маалым болгондой, коронавирустун инкубациондук мөөнөтү аяктаганга чейин алар дарыгерлердин байкоосунда болушу керек.

 Белгилей кетсек, кечээ Кыргызстанга Үрүмчүдөн 6 кыргызстанык студент келди. Аларды “Ак-Жол” чек ара бекетинен Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү тосуп алып, Ысык-Ата райондук ооруканасына жайгаштырышты.

Ички иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынын жождорунда окуган Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Зарылдыкка жараша кыргыз жарандарын эвакуациялоо маселеси иштелип чыкты.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *