Кытайга карызыбыз ИДПнын 30% көлөмүндө

   Мезгил

Кытайга болгон карызыбыз өлкөбүздүн ички дүң продукциясынын 30% көлөмүнө барабар экен. Бул көрсөткүчтөн ашык карызы бар өлкөлөр –  Джибути, Мальдив, Конго, Тонги өлкөлөрү экендиги тууралуу орус ЖМКлары жазып чыкты. Маалыматты Дүйнөлүк экономика институту изилдеп чыгыптыр.

Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 1,7 миллиард долларды түзөт. Ал эми 2008-жылы карызыбыз 10 миллион доллардан ашкан эмес. Албетте ал кезде өлкөнү Аскар Акаев башкарып туруп, жегичтердин саны азыраак, апетити кичирээк болсо керек эле. Өлкө тарыхында эң көп карыз алуу өлкөнү президент 6 жыл башкарган Алмазбек Атамбаевдин тушунда болгон. Бишкек ЖЭБине деп 386 миллион долларды кытайдын менчик банкынан, «Датка-Кемин» көмөк чордонуна жана жогорку чыңалуудагы элетр линиясын тартууга 400 миллион доллар, Кара-Балта мунай иштетүү ишканасына $250 миллион доллар колөмүндө насыялар алынган.

Кытай менен Кыргызстандын товар жүгүртүүсү 2 миллиард долларды түзүп, анын 1,9 милларды кытайдын экспортуна ылайык келет. Башкача айтканда бизге Кытайдан кирген товар көп, бизден жиберилген товар 100 миллион доллардын тегерегинде, жалып товар айлантуунун 5 пайызына гана барабар.

Кытай мамлекети биздеги жолдорду оңдоого 2017-жылы 14 миллион доллар грант бөлгөн. Мындай гранттар археологиялык казууларга, окуу борборлорун ачууга, ал тургай армиябызды өнүктүрүүгө чейин берилип келет. Бул кытай экспанциясынын бир көрүнүшү эмеспи?

Бир катар кытай тилин үйрөткөн окуу жайлары ачылып, кытайда тил үйрөнүп окууну каалаган Кыргызстандыктарга акысыз окутуу каралган. 2018-жылы 35 миң кытайлык Кыргызстанда эмгектенген. Ал эми официалдуу эмес саноолор кытайлардын саны Кыргызстанда мындан көп деп айтып келишет.

Кошуна Тажикстанды ала турган болсок, алардын Кытайга болгон карызы 1,2 миллиард долларды түзөт. Бул сумма Тажикстандын жалпы карызынын жарымысына барабар. Кытай Тажикстанда “Жогорку Кумарык” алтын кенин казууга лицензия алган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *