Кыянбек Сатыбалдиев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү кызматынан бошотулуп, ордуна министр келди

Мезгил

Кыянбек Сатыбалдиев Өкмөттүн  Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ал эми Сатыбалдиевдин ордуна Өзгөчө кырдалдар министри Нурболот Мирзахмедов дайындалды. 

Кыянбек Сатыбалдиев Өкмөттүн  Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2016-жылдын октябарь айында дайындалган. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *