Кыздар, өзүңөрдөн бир топ жаш улууга тийбегиле!

        Мезгил

Саламатсыздарбы? Мен 20 жаштамын турмушка чыккам. Күйөөм өзүмдөм 13 жаш улуу. Башында чоң болгону жакшы, турмушта баарын көрүп билип калган түшүнүктүү болот. Ананда тажырыйбалуу болот деп ойлогом. Ооба баары мен ойлогондой токтоо түшүнүктүү, тажырыйбалуу. Бирок мен ойноп күлгүм келет. Мага көбүрөөк көңүл бөлсө деп муну өзүнө да айтам бирок жыйынтык жок. Ал Москвага барып иштеп келет. Бир кетсе жылдап жүрүп келет.

Өмүр өтүп баратат азыр ушундай жалындаган от мезгилимди махабаттын ысык кумарсыз өткөзүп жатканым өкүндүрөт.  Муздак төшөктө жалгыз жаздыкты кучактап жаткан кандай азап экенин жалгыз бой жүргөн аял гана түшүнсө керек. Кыздарга кеңеш бергим келет өзүңөрдөн бир топ жаш улууга тийбегиле тең теңи менен тезек кабы менен деп бекер айтышпайт экен.  Эми ачылып эми каалооң ашып бараткан мезгилде күйөңдүн муздашы үй бүлөңдөн да бактылуулукту кетирет экен. Ал нерсе болбосо, кабак кашың деле ачылбай эч нерсе көңүлгө жакпай калат экен. Мен жаш аял алам деген эркектер өзүңөрдү эле эмес аялдыда ойлоп туруп анан алсаңар.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *