Латвияда Зилалиевдин жубайына жана балдарына кылмыш иши козголду

Мезгил

Мурдагы вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына кылмыш иши козголду.

Латвиянын Рига шаарынын Интерпол Улуттук борбордук бюросунун маалыматында, Д.Зилалиевдин  жубайы Латвиянын ири банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн банктык эсеп ачып, кийин ал банк эсептери аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон. Буга байланыштуу,  Рига шаарынын Интерпол Улуттук борбордук бюросу Д.Зилалиев жана анын жубайы тууралуу маалымат ала башташкан.

Тактап айтсак, депозиттик эсептер Жамиля, Бектур жана Алима Зилалиевдердин наамында болгон.

Буга ылайык, мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Кыргызстандын мурунку вице-премьер-министри Зилалиевге карата козголгон кылмыш иштин алкагында Латвия укук коргоо органдары тарабынан анын жубайына жана балдарына карата акчанын изин жашыруу боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши Латвия Каржылык чалгындоо кызматынан алынган маалыматтардын негизинде козголгон.

Эске салсак, 2018-жылдын октябрында Зилалиев бомба тууралуу жалган маалымат бергендиги үчүн 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Кийин ага Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш- жаза кодексинин 308-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери УКМК Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган. Ал эми учурда тергөө иштери аяктап, сотко жиберилген.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *