Лейлекте балдар бакчасы ижарага алынса, Каркырада окуучулар мончонун бууканасында окуп жатышат

   Мезгил

ЖК жыйынныда депутат Таабалды Тиллаев Лейлек районунун Кара-Суу айылында 2018-жылы сел жүрүп, анын натыйжасынан эл чарбасы, айылдык балдар бакчасы зыян тартканын айтып кетти. Селдин кесепетинен жараксыз болуп калган “Ак шумкар” балдар бакчасын калыбына келтирүү иши азыркыга чейин ишке ашкан эмес. Жеткинчектер 2018-жылдан бери ижарага алынган имаратта тарбияланып келишкен. Жакында имарат ээси ижараны токтоткону турат. Буга байланыштуу маселени чукул убакта өкмөт чечип берүүсүн суранды эл өкүлү.

Ал эми депутат, төраганын жардамчысы Аида Касымалиева Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра мектебинде 3-4-класстын окуучулары кадимки мончодо билим алып жаткандыгын айтып кетти. Жакын жерде мектеп жок, ошондуктан окуучулар мончонун бууканасында окуп жатышат. Ал эми мончонун өзүндө айылдык фельдшер бейтаптарды кабыл алат экен.

Ал эми Нарындын Кеңеш айылындагы 6 контейнерде 1-сентябрды тосушкан окуучулар оңдоодон өткөн жаңы имаратка көчүрүлүштү. Эске сала кетсек коомчулукта кызуу талкууну жараткан бул мектептин айынан Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева жумушунан кетсе, облустун губернатору Аманбай Кайыповдун “бети жок” экен, борбордон “майлуу” орунга секирип кеткен. Ал эми Кеңештеги мектеп 2020-жылы курула турган болду.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *