Өлкөдө айрым мунай өндүрүмдөрдү унаа менен сырттан алып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Мезгил

Өлкөдө айрым мунай өндүрүмдөрдү унаа менен сырттан алып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге премьер-министр кол койду.  Андан түшүндүрүшкөндөй, мындай чара күйүүчү майды көмүскө ташууга каршы багытталган.

Көзөмөлдөөчү пломбаларды орнотуудан аныкталгандай, күйүүчү май Кыргызстанга товардык позиция катары катталып, жеткирилүүдө.

Андан соң ал май куюу бекеттеринде 15-20 пайызга арзан сатылат.

Мунун айынан бюджет акциздик салыктардан кол жууп жатат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *