Өлкөдөгү диний абал Түркиянын акчасы менен жөнгө салынабы?

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев “Ыйман” фондун каржылоо үчүн дагы 5 млн доллар бергиле суранып турат. Бул Түркия мамлекетинин президентинин алдындагы дин иштери боюнча башкармалыктын төрагасы Али Эрбаш менен жолуккан учурда болду.

Анда Али Эрбаш элчи сураган каражат Түркиянын тышкы иштер министрлиги менен кеңешип жана президент бекиткенден кийин чечилерин белгилеген. “Ыйман” фонду 2014-жылдын башында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен мамлекеттин дин саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтө турган уюм катары уюшулуп, имамдарга колдоо көрсөтүү максатында стипендия бериле баштаган. 2015-2019-жылдарга деп түрк тараптан бөлүнгөн 5 млн доллар имамдарды окутууга, алардын билим жана потенциалын көтөрүүгө, стипендияларга, “Insan.KG” аттуу маалыматтык порталды түзүү сыяктуу долбоорлорго жумшалган.

“Ыйман” фондунун башчылыгына Нуржигит Кадырбеков бекитилген. Универсалдуу талантка ээ болгон Нуржигит фонддун акчасына ыйман жөнүндө кыска метраждуу кинолорду тарттырып, өзүнүн даңкын чыгарып, эл менен жолукканда ырларын окуп берип, дин темасынан алыс болсо да Манас атабыз менен Каныкей апабызды ага кошо коюп, дин темасын жамынган китептерди чыгарып, иши кылса өзүн-өзү жарнамалоо менен алектенген. Кийин эмне болгону белгисиз кызматынан шыпырылып, бирок, Маданият министрине орун басар болуп ордун тапкан.

Түркияда дин иштерин алып барган мамлекеттик мекеме “Маариф” деп аталат. “Маарифтин” иш пландары бир нече жылга алдын ала түзүлүп, алдынала бюджетин бекитип коёт деген маалымат бар. Ал тургай фонд бир гана Түркиядагы дин маселелерин теске салбастан Кыргызстан сыяктуу боордош, дини бир өлкөлөргө да жардамын аябай келет. “Маарифтин” бир жылдык бюджети Кыргызстандын бюджетинен ашып түшөт, бирок Түркия муну жарыя кыла бербей, купуя сактап келет деген маалыматтар бар.

Ал эми элчи сурап жаткан 5 миллион доллар 2019-2022-жылдарда Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө, медреселердеги диний билим берүүнү реформалоо боюнча долбоорлорго бөлүнүүчү түрк грантынын экинчи траншы болуп эсептелет.

Түркия мамлекетинин президентинин алдындагы дин иштери боюнча башкармалыктын төрагасы Али Эрбаштын 5 миллион доллар сураган элчиге ойлонуп көрөлү, бул маселени Тышкы иштер министри менен кеңешип президент өзү чечет деген жерде маселенин чечилбеген түйүнү жатат. Анткени буга чейин Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков, Фарид Ниязов, Гулжигит Кадырбеков ж.б. 1 300 кыргызстандык жана Кыргызстанда жашап жаткан жарандарды “гүленизмди колдоочулар” деген жарлык Түркия тараптан тагылып келет. Ал тургай түрктөр биздеги “Сапат” мектептерин “Маарифке” өткөрүп бересиңер деген талаптарды да коюп келишет. Ошондуктан бул жолу кыргыз тарап түрктөрдөн динибизди оңдойбуз деп сурап жаткан 5 миллион доллардын чечилиши арсар. Берген учурда да Түркия бийлиги чоң талаптарды коёру бышык.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *