Өлкөдө күйүүчү майдын баасы төмөндөйт

 Мезгил

Өлкөдө күйүүчү жана майлоочу майдын баасын этап менен төмөндөтүү тажрыйбасы улантылууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Жакынкы арада күйүүчү майдын чекене наркы орточо 2 сомго төмөндөтүү пландалууда. Баанын мындан ыркы динамикасы республиканын экономикалык ишмердүүлүгүнүн активдешүүсүнө жана дүйнөлүк рыноктогу мунай наркына  түздөн-түз көз каранды. 

Чечим тиешелүү мамлекеттик органдар менен өлкөнүн нефтетрейдерлеринин өкүлдөрү менен сүйлөшүүдө кабыл алынды.   

Жалпысынан 2020-жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча республика боюнча жыл башына салыштырмалуу күйүүчү-майлоочу майлардын чекене баасынын түшүүсү байкалууда. Алсак, январь-апрель айларында өлкө боюнча бензин 2,8 сомго же 6,7% арзандаган, ал эми дизель майдын баасы 4,7 сомго же 9,7% төмөндөгөн. 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *