Өлкөдө өзгөчө кырдаал режими качан алынат? Министрликтин жообу

  Мезгил

   Өзгөчө кырдаал режимин алуу боюнча өлкөдөгү эпидемиологиялык абал турукташканда гана сөз кылса болот. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда узак мөөнөткө божомолдорду жасоонун кереги жок. “Анткени, учурда жакынкы арадагы абалды эске алып божомол жасоо туура болууда. Узак мөөнөткө божомолдорду түзүү кыйын нерсе. Эпидемиологиялык абалдын туруктуулугун камсыз кылып, оору жуктуруп алгандардын саны азая турган болсо, ошондо гана өзгөчө абал режимин алып салуу боюнча айтса болот”, – деди Үсөнбаев.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *