Ложников: «Апрелди» Кубат Оторбаев жапкан, эч ким андан жап деп суранган эмес

   Мезгил

   Өткөн аптанын этегинде Сооронбай Жээнбеков ЖМК өкүлдөрү менен жолугушканда «Апрель» телеканалынын жабылышына тиешеси жок экендигин билдирген. Ал эми телеканалдын башчысы Дмитрий Ложников бул иште Кубат Оторбаевдин колу бар экендигин социалдык баракчасына жазып чыкты.

«Сооронбай Шарипович туура айтат. Ал «Апрелди» жапкан эмес. «Апрелди» эч ким жапкан эмес. Жөн гана эфирге чыгарбай коюшту.

Ар бир катанын аты жана фамилиясы болот”, деген сөз бар. «Апрелди» «Санариптик технологиялар» ЖЧКсынын башчысы Кубат Оторбаев жапкан. Андан эч ким жап деп суранган эмес, кептин баары ушунда болуп атпайбы. Чынында эч ким суранган эмес.

Жыйынтыгында Аскер прокуратурасы соккуну өзүнө алууга мажбур болду. Оторбаев аларды бул ишке тарта алды. Алар бул ишке кириптер болорун билбегендигин мен так билем. Аскер прокуратурасын Кубат ыңгайсыз абалга калтырды. Бул туура эмес. Бул тууралуу аскер прокуратурасынын өзүнөн алган маалыматым бар. Прокуратурадагылар иштин баарын аларга шилтеп коюшканына таң калышкан. Алар ММКны жапкыдай кем акылдар эмес да. Бир гана Кубат аларды бул окуяга сүйрөп кошту.

Ал эми Кубатка мындай кыл деп ким кеңеш бергени азырынча белгисиз. Сооронбай Жээнбеков “Апрелди” жаптырбаганын жогорттогулар баары билишет. Мен ал кишинин мындай буйрук бербегендигин толук билем. Ал үчүн кошоматтанып коюшту», – деп жазган Дмитрий Ложников.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык делген «Апрель» телеканалы Кой-Таш окуяларынан кийин эфирге чыга албай калды. Азыр алар онлайн аянтчалары аркылуу маалымат таратууда. Ал эми каналдын жетекчиси Дмитрий Ложников болсо “Каналды президент жаптырган жок, Кубат Оторбаев жаптырды”, – деп жатат. Кубат Оторбаев болсо мындан бир аз мурдараак өз пикирини ЖМКга билдирген эле. Анда бул иш боюнча өзүнүн сүттөн ак экендигин айтып чыккан.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *