Өмүкенин каруусу кете баштаганы көрүндү

Мезгил

Бүгүн 29-июнда баш калаанын борбордук бөлүгүндө интернетти чектеген мыйзамды четке кагуу талабы жоон топ жаштар тарабынан жаңырып, ачуу сындар айтылды. Мындай мыйзамга каршылыгын билдирген “карт бөрү” Өмүрбек Текебаев өзү да нааразычылык акцияга катышты эле, көпчүлүк тарабынан анын мындай кадамы колдоого алынган жок.

Айрым “тирикараак” жаштар Текебаевди азыркы система үчүн күнөөлөшүп, нааразычылык акциясынан сыпайы жылып кетишин да талап кылганга үлгүрүштү. Бир кездери нааразычылык акцияга жан киргизип, көркүнө чыгарган Өмүке ошентип убакыттын агымы менен өзүнөн-өзү жээкке карай сүрүлүүдө. Турмуш деген ушундай оомал-төкмөл болоорун өзү деле эми сезип жатса керек.  

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *