Өмүрүңүздү кур өткөзүп жатканыңыздын 13 белгиси

    Мезгил 

Тажрыйбалуу психолог Кэрол Морган окурмандарга 2 сурак коёт: Бала кезиңде ким болууну кыялданчу элең жана ошол кыялың ишке аштыбы? “Жок” деп жооп бергендерге өмүрүнүн кур өтүп жатканын билдирген 13 белгини айткан экен. Кэрол сунуштаган макала төмөндөгүчө.

1. Сиз керексиз нерселерге убакытты көп жумшайсыз

Видео оюндар, телевизор, интернет. Көп тамактануу, ченемден ашык ичкилик. Бул сиздин өмүрүңүз кур өтүп жаткандын белгиси. Жашооңузга олуттуу мамиле кылыңыз. Убактыңыздын көбүнчө бөлүгүн кайда жана кандай өткөрөсүз? Бул сизге  пайда алып келеби?  Сизди жакшы жакка жетелейби? Эгер “жок” дей турган болсоңуз, күнүмдүк иш планыңызды карап чыгып өзгөрүүтүүгө кадам таштаңыз.

2.   Өтө көп арызданасыз

 Ар качан өз жашоосуна көңүлү толбогон жана бул тууралуу айтууну койбогон адамдар болот. Сиз ошолордун бирисизби? Жумушуңузга, жетекчиңизге, маянаңызга, коңшуларыңызга же болбосо жубайыңызга көңүлүңүз толобу? Эгер ошондой болсо эч нерсени өзгөртүүгө аракет кылбайсыз, бир гана айланаңызга жагымсыз энергия тартуулайсыз. Арыздануулар сизди туңгуюукка кептейт. Жакпай турган нерселер эмес, жашы көргөн нерселер тууралуу көп айтыңыз. Натыйжасы көп узабай билине баштайт.

3.  Акыл- оюңузду толтурбайсыз 

Эгер сиз адам болуп туруп акылыңызды толтуруп турбасаңыз анда сиз токтоп калган балыр баскан көлчүккө окшошсуз.  Бул сиздин акыл- оюңузга да катыштуу. Дайыма  жаңы нерселерди үйрөнүүнүн үстүндө болуңуз.   Түрлүү маселелер  менен сынактар оң таасир берет.

4. Өзүңүз менен терс диалог курасыз

Ички диалог сиз үчүн чоң мааниге ээ.    Генри Форд айткандай, “Сиз эмне ойлосоңузда- аны жасай аласыңбы же жокпу сиз туура ойлоносуз”. Эгер сиз жумушуңуздан көтөрүлүүгө же жеке бизнес кылууда жеткиликтүү түрдө даяр эмесмин десеңиз, анда бул чындык.  Ошондой эле   кандайдыр бир өзгөрүүгө чамам жок десеңиз анда туура айтасыз.  Өзүңүзгө эмне айтсаңыз да, ал сиздин чечим. Ойлоруңузду ар дайым көзөмөлдөп туруңуз, ошондо жашооңуз ошого карата болот.

   5.  Шыктанбайсыз

Сиз бир нерсени самап жатасызбы? “Менин самаганым жок” деп ойлогон көптөгөн адамды билем. Сиз чоң аракет менен аракет кылышыңыз керек. Сиз самаган бир нерсени табыңыз жана ошол нерсе менен көбүрөөк  алектенүүгө  тырышыңыз.  

6. Келечегиңизди пландаштырбайсыз

Албетте, “бүгүнкү” менен өмүр сүрүп,  жашоонун рахатын сезип,  бирок кээде акыры кайда баратканыңды билүү үчүн келечек жөнүндө ойлонушуң керек. Эгерде сиздин максатыңыз же болбосо пландарыңыз болбосо анда сиз бир орундан жылбай калкып турган океандагы кайыкка окшойсуз. Мындай натыйжа сизди канааттандырабы?  Сизди көздөгөн жериңизге көрсөткөн GPS сыяктуу, сизди коштоп жүрүүчү ички GPSтин кереги жок.

7. Сиздин өсүшүңүзгө эч кандай таасир тийгизбеген адамдар менен көп убакыт өткөрөсүз

Сизди алдыга жылып, бир жерде турууга жардам бере албаган адамдар менен убакыт өткөрүү сизге пайда алып келбейт.  Алардын жанында сиз “баягы” бойдон кала бересиз. Мындай “досторду” “энергия өлтүргүч” деп атоого болот.  Алар сиздин  өмүрүңүздү соруп алып, эч качан оң таасирин тийгизбейт. Өсүүгө аракет кылган адамдардын айланасында көбүрөөк болуңуз, ошондо сиз алдыга жыласыз.

8. Телефонуңузга көз карандысыз

Заманбап уюлдук телефондор баардык адамды өзүнө тартып алган курал      экендиги шексиз. Бирок сүйүктүү “оюнчукка” канча убакыт коротконуңуз жөнүндө ойлонуп көрүңүзчү?  Үй-бүлөңүз менен чогуу тамактанып отуруп, интернет аркылуу SMS жазышып отурган адамдардын катарындасызбы? Анда сиз үй-бүлөңүз менен жакындашуунун эң ыңгайлуу учурун өткөрүп алып жүрөсүз, же болбосо келечекти пландоонун убактысын өткөргөн болосуз.

9. Керек эмес буюмдарга акча коротосуз

“Мага керек” жана “каалайын” ортосунда айырмачылыктар бар. Аны сизге бала бакчада да үйрөткөн чыгаар. Бирок, азыркы коомдо эч кандай чек жок. Насыядан кутула албай жүрсө да, колунда соңку үлгүдөгү гаджеттерди көтөрүп жүргөн көптөгөн адамды билемин. А чынында адамга көп нерсе керек эмес: тамак, суу, турак жай жана сүйүктүү адам. Калганынын баары-жөн гана бонустар. Андыктан акчаңызды кайда жумшап жатканыңызды ойлонуңуз, ошондо кандай өзгөрүш жасай ала турганыңыз түшүнүктүү боло баштайт.

10. Уйкуңуз канбайт

Мен доктур эмесмин, бирок мен уйкунун сергитерлик күчү жөнүндө көптөгөн китептерди окудум. Уйкунун ден-соолук үчүн мааниси абдан чоң. Эгер жетиштүү уктай албай жатсаңыз, же таңкы үчкө чейин сергек болууну адат кылып алсаңыз, анда бул көнүгүүнү кайрадан карап чыгыңыз.

11. Ден-соолугуңуз туурасында ойлонбойсуз

Ден-соолук үчүн тамак-аш жана спорт абдан маанилүү. Албетте, бул жаңылык эмес бирок, туура  тамактануу  жана көнүгүүнүн артыкчылыктары арыктоо менен эле чектелбейт. Муну менен  психикалык абалыңыз жана жалпы абалыңыз жакшырат. Күн сайын жеген тамагыңызга өзгөрүүлөрдү киргизип, иш-аракетиңиздин деңгээлин жогорулатыңыз, жакында мунун баары сиздин жашооңуздун сапатын кандайча жакшыртканына таң каласыз.

12. Ыңгайлуу аймактан чыккыңыз келбейт

Жайлуу шартта жашоо канчалык оңой экенин билем. Тааныш ресторанга барганда, мен ар дайым бир эле тамакка буюртма берем. Мен жаңы нерсени сынап көрүүдөн корккондуктан эмес,  болгону мен буйрук берген тамакты жакшы көрөм. Мен сиздин жашооңузду жакшыртуу үчүн тобокелчиликтер жөнүндө айтып жатам. Ошондой эле, “тобокелдик” менен “топтолгон тобокелдиктин” ортосунда чоң айырма бар экендигин белгилей кетүү керек. Кандайдыр бир тобокелчилике баруу кооптуу болушу мүмкүн.  Бирок эсептелген тобокелдик – сизде варианттардын бардыгын таразалап, иш-аракет кылуунун жакшы,   ойлонулган планы бар.

13. Сиз өзүңүзгө жакпаган өмүрдү сүрүп жатасыз?

Мен ар дайым ийгиликти бакыттын деңгээли менен өлчөйм. Сиз чындыгында бактылуусузбу? Эгерде “жок” дей турган болсоңуз, анда  бир нерсени өзгөртүүгө убакыт келди. Атүгүл канааттандыраарлык жашоо да  толук жашоо өткөрүп жатасыз дегенди билдирбейт. Өмүрүңүз кызыктуу болуу үчүн жана бул жашоо сизге рахат тартууласын десеңиз анда колуңуздан келгенин баарын жасаңыз.

 Эгер ушул 13 тармактын баардыгы сиз жөнүндө болсо, маанайыңызды түшүрбөңүз. Сиз ар дайым өзгөрүш жасай аласыз. Бирок биринчиден, эч нерсени өзгөртө албайм деген ойдон арылуу керек. Көбүнчө сиз өз ойлоруңуз менен өзүңүзгө бөгөт коёсуз. Андыктан ойлоруңузду таразалоодон баштаңыз. Ошондо гана өмүрүңүз да өзгөрөт.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *