Өмүрбек Бабанов Бишкекте 3-революция болот деп келгенби?

Мезгил

«Өмүрбек Бабанов Бишкекте 3-революция болот деп келгени чынбы?» деген талкуу эл арасында кызуу жүрүп жатат. Азыр эки кишинин башы бириксе эле саясаттан кеп кылышат. Атамбаевдин «Альфанын» азаматын атып салганы, Бабановдун келгени, Кой-Ташта Атамбаев өзүн колдогон аялдарга 5 миңден, эркектерге 2 миң сомдон акча төлөгөнү курман айтта ар бир үйдө, киши топтолгон жерде молдокелердин баянынан кийинки эле сөз болуп турду го чиркин. Эл оозунда элек жок деген ушул белем, эл оозун тыя албайсың. Талаша да албайсың. Окуяга кудум өзү катышкандай, бирге жүргөндөй элестүү айтып беришет, телевизор бул жакта калат. Кыргыз саясатынын талдоочусу, тескөөчүсү да ушулар, карапайым эл.

– Бабанов Атамбаев менен телефондо сүлөшүп туруптур. «Мен Ала-Тоо аянтына элди чыгарып 3-революцияны баштай берейин. Сенин балдарың милицияларды алаксытып, ар кайсыл жерден көчөлөрдө тополоң уюштурсун. Билет алып уча бер. Бийликти басып алабыз» дептир Атамбаев. Бабановдун багы жок экен, билет алып, Бишкекке келерин элге айтып алгандан кийин Атамбаев кармалып жатпайбы.

– Эми эмне болот?

– Эмне болмок эле, камалат да. Жээнбеков президент болордо Бабанов менен телевизордон дебатка чыкканда айткан, «Ушул сөздү сен айтпасаң болот эле, мен президент болгондо мына сенден баштаймын» деп колун кезеген.

– Бабановдун душманы Атамбаев болгон го. Аны азыркы президент менен келишип алган дешет, аэропорттон камабады го – деймин мен маектешимдин пикирин билгени.

– Камабаса бул бала дагы мурдагы адатына түшөт. Беш жүздөй спортсмен, бандити бар. Ошолор менен байларды тонойт.

– Тонойт дегениңиз кандай?

– Кадимкидей эле. Байлардын завод-фабрика, жерлерин, имараттарын алгач байкайт. Кийин балдарын жиберип коркутат. Анан арзан сатып алат же тартып алат.

– А милициячы? Алар унчукпай олтура береби?

– Балык башынан сасыйт дейт, Бабановго ошол жогор жактагылардын көзү түз болуп турса милицияң алардын айтканын жасайт да…

Бул маектешим менен бакылдышып олтура берсем убакыт өткөнү байкалбай кала тургандай. Мени ойлонткон карапайым элдин сүйлөгөнү, жашоосу бүтүндөй саясатка айланып, саясатчы болуп бараткандыгы болду.

– Атамбаевдин жомогу бүттү. Эми Бабановдун жомогу башталат – деди коштошуп жатканымда маектешим ишенимдүү.

Мен ошол 3-революциянын болбой калгандыгына сүйүндүм, ылайым эле болбой калсын деген тилек менен жолго түштүм.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *