Өмүрбек Бабановдун саясий «өлүккө» айланганына 2 жыл болду

   Мезгил

   Аштык тапса баштык таппаган кыргыз элинин башына дагы бир түйшүк түшүп, дагы бир баш оору пайда болду. Бул Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келиши. Анын келиши айрымдардын кыжырын келтисе, айрымдардын чырагына май тамызып, асмандан акча жаай тургансып алаканын ушалатты. Деги Бабанов деген ким? Ошончолук эле мокочобу?

1) ЖМКда аны рейдерликке айыптаган материалдар аттын кара капталынан кезигет. Шарипа Садыбакасова түптөгөн «Кыргызстан» АКБсын, Валерий Хондун мунай базасын, Борис Воробьевдун «Азамат» авто базарын (Азыр РИОМ автобазары) рейдерлик жол менен тартып алган деген айыптар байма-бай тагылып келет.

2) Премьер-министр болуп турган кезде Кумтөрдүн салыгын бир жыл алдын ала төлөтүп алып, бюджеттин тешигин жапканы, кийинки жылы анын ордун толтура албай министрлер кыйналганы, мурдагы «Инструментальшик» стадионунун «Азия Моллго» айланып, Бабановго тиешелүү болуп калышы, «Азия Моллго» «Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун» дыйкандарга берилет деген насыяларын жумшалышы, Аламединдеги мурдагы «Байпак фабрикасы» сыяктуу ишканалардын жең ичинен сатылышы, дыйкандарга «7 пайыздык жеңилдетилген насыя» берем деп оозду кур чөп менен арчыгандыгы, жеке бизнес кызыкчылыгы үчүн МАИнин колу-бутун тушап салгандыгы, автомашиналарды техкароодон өткөрүүнү алып салып, анын кесепетинен мамлекетке түшчү акчадан куржалак калып, каралбаган автолор жол кырсыктарга көп кабылып жаткандыгы, деги айта берсе мисалдар көп.

3) Ал эми саясий оюндарды, интригаларды уюштуруу жагынан Бабанов алдына ат салдырбайт. Бирок элдин кызыкчылыгын ойлогон саясатчы эмес, жеке чөнтөгүн көбүрөөк ойлогон бизнесмен экендиги жашыруун эмес. Ошондуктан Он-Адырга барып өзбек элине «тизелебегиле» деп дем берип, анысына кылымыш иши козголгондо өлкөдөн безе качкан. Саясий позициясы туруксуз, ойт берме. Ал тургай «саясаттан биротоло кеттим» деп 2017-жылы кайрылуу жасаган.

Демек Өмүрбек Бабанов мындан 2 жыл мурда эле саясаттан четтеген, башкача айтканда саясий «өлүккө» 2017-жылы эле айланып алган. Жөн эле айланбай өзүнө 7 метр ак кездеме сатып алып, анысын боюна ченеп туруп, өз кепинин өзү бычкан. Ошентип саясий дараметин да кошо кепиндеп, жибек буласына окшоп чулганып жатып алган болчу, мыйзамдан коркуп. Бирок УКМК кечирээк иш козгоп, анысы чала болуп, жаназасы түшүрүлбөй калган экен ошондо. Кечөө Атамбаев аласалып кеткенде ач арбактай болуп өзүн-өзү көмгөн жерден суурулуп чыга келди. Же жанагы жибек буласы жаз келгенде көпөлөк болуп учуп чыкканадай болдубу, айтоор азыр Бабанов Бишкекте. Канткен менен саясатка аралашам дегенинен майнап чыкпай, анын кейпин көргөндөр алты метр алыс качууда. Саясий «өлүк» менен ким сүйлөшмөк эле?

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *