Өмүрзак Төлөбеков эми Лукашенконун бейнесин ачууга киришти

Мезгил

Белгилүү кино режиссер жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков буга дейре “Президент жана Бомж” тасмасын тартып, көрөрмандардын жылуу пикирине арзыган. Тасма жарыкка тартуланаар замат кино айдыңынан татыктуу ордун тапкан эле. Кыргыз президенттеринин таржымалын тартканды өздөштүрүп, шерденип алган Төлөбеков Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев тууралуу кино тартса анысы анчейин ийгилик жарата албай, Нуракеден да продюсерге көңүл буруу болбогону кабарланган.

Өңчөй эл башчыларды тартууну максат кылган Өмүкебиз учурда Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко тууралуу документалдуу тасма тартууга киришкенинен кабардар болдук. “Батьканын” таржымалын, иш-аракетин чагылдырган тасма ийгиликтүү тартылса, акырында негизги каармандын өзүнө да жолугууга аракет көрүлөөрү, бул жагынан ортомчулукка Жаныш Бакиев түшөөрү күбүр-шыбыр кепке айланды. Түйшүгү көп тасма тартуу менен алпурушкан Өмүкебизге ийгилик каалайбыз. Ылайым, “Батьканы” таңгалдырып, кыргызды кыйырга тааныта беришиңизге тилектешпиз!

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *