Үмөталиева: Аскар Акаев сот аркылуу президенттигин кайтарып алса болот…

Мезгил

Эгер бийлик сапаттуу иликтөөнү камсыз кыла ала турган болсо Курманбек Бакиев болобу, Аскар Акаев болобу Кыргызстанга келе беришсин. Аларга кайсыл мүлктөр тиешелүү экендигин айтып беришсин. Ар кимдин өз чындыгы бар. Мындай пикирин Токтайым Үмөталиева өз маегинде билдирди.

Аскар Акаев бийликти Кыргызстандын аймагында туруп ЖК төрагасына өткөрүп бергендиги, Үмөталиеванын бул тарыхий учурда келишимди нотариус аркылуу күбөлөндүрүп, экс-перзиденттикти сактап калуу боюнча айткан кеңеши, Акаев сот аркылуу президенттигин кайрып алса боло тургандыгы, Акаевдин ири державалардын өнүгүү программаларын иштеп чыгуучуларыдын бири экендиги тууралуу укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын кызыктуу маегин сунуштайбыз.

– Сиз Аскар Акаевдин үй-бүлөсү менен жылуу мамиледе болуп келгенсиз. Ал кишинин өлкөгө кайтып келишине кимдер жолтоо болууда?

– 2005-жыл мародёрлук институнун башталышы болуп берди. Ал 2010-жылы да кайталанды. Ар бир революция менчиктин чегин бөлүштүрүү жана башкалардын менчигин басып алуу менен коштолуп олтурду. Аны менен кошо маңдай тери менен оокат кылган жөнөкөй бизнесмендердин да мүлкү талоонго учурады. Учурунда бирөөлөрдүн мүлкүн тартып алган саясатчы же чиновниктер учурда белгилүү бир кызматтарда олтурушат. Аларга Акаевдин өлкөгө кайтып келиши жагымсыз.

–  Акаевди өлкөдөн качып кеткен дешет. Сиз бул тууралуу башкача пикир айтып келесиз.

– Акаевге карата чыгарылган соттун чечими жок. Иликтөөлөр да жок. (!) Бийлик басылып алынгандан кийин ал эч жакка качкан эмес. 27-апрелден кийин ал Бекназаровдун “500 атчанды Аскар Акаевди кармап келүү үчүн жиберем” дегенинен кийин учуп кетүүгө мажбур болгон. Чет жакка кеткиси келген эмес. Андан конфликттен качууну суранышканда Россияга кетүүгө мажбур болгон. Акаевдин Москвадагы Кыргызстандын элчилигин тандап алгандыгын эсепке алганда, ал өлкөнү таштап чыгып кетпеген болуп саналат.

– Бийликти өткөрүп берүү учуру жөнүндө сиздин көз карашыңыз?

– Текебаев Москвага барган учурда Майрам Акаева менен байланышып “Аскар Акаев менен нотариус бирге жүрөбү?” деп сурадым. Жок деген жоопту уккан соң, эгерде Акаев бийликти өткөрүп берүүнү чечкен болсо тиешелүү документтерди нотариалдык жактан күбөлөндүргүлө дедим. Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин имаратында эки тараптуу келишимге кол коюлат.

Акаев президент катары Кыргызстандын ЖК төрагасы Өмүрбек Текебаевге КР элчисинин күбөлүгү менен Кыргыз Республикасынын аймагында туруп бийликти өткөрүп берет. (!) Дүйнө жүзүндө элчилик ошол мамлекеттин аймагы болуп саналгандыктан, Акаев бийликти Кыргызстандын аймагында туруп өткөрүп берген деп эсептесек болот.

– Акаев Кыргызстанга кайтып келүү боюнча ниетин билдирип келет. Кайтып келүүгө негиз боло турган кандай жолдор бар деп санайсыз?

– Келишимде өзүнө экс-президенттин ыйгарым укуктары бекитиле тургандыгы тууралуу шарттар жазылган. Андыктан азыр биз бул келишимди жокко чыгара турган болсок, юридикалык тил менен айтканда, эгер ал эл аралык сотко кайрыла турган болсо, биз сөзсүз жеңилип калабыз. Юридикалык норма боюнча алганда келишим бузулган убактан тартып Акаев КРнын учурдагы иштеп жаткан (действующий) президенти болуп калат. Ал сот аркылуу укуктарын калыбына келтире алат. Бирок Акаев муну каалабайт. Тек гана сырттан байкап турат.

– Бүгүнкү күндө ал киши эмне жумуштар менен алектенип келет?

– Бүгүн Акаев Евроазиялык ири программаларды иштеп чыгуучулардын бири. Кытайдын өнүгүү программасынын иштеп чыгуучусу. Ал Россиянын ири долбоорлорунун иштеп чыгуучуларынын бири. Эмне үчүн анын иштеп чыгуучулук дарамети, техникалык ж.б. потенициалы биздин өлкөгө керек эмес? Экинчиден, чоң масштабдагы көптөгөн саясий качкындары бар өлкө башка өлөлөрдүн саясий таасиринде болуп, коркунуч астында кала берет.

Ахматбек Келдибеков: Шайлоонун тагдыры элдин колунда

Эгерде, бүгүнкү күндө Акаевди кыйратуучу деген айыптоолордун базасы жетиштүү болбосо, эмне үчүн ага кайрылып келүүгө болбосун? Эгер айыптоо боюнча далилдер жетиштүү болсо да, аны камайбыз деп алдын ала айтуунун кереги жок. Адамды үркүтпөө керек. Чакыргыла, эгерде аны камоо керек болсо коопсуздугу боюнча кепилдик бергиле. Ал жоопторун жеткиликтүү бере ала турган болсун. Бул нерсеге кандай тиешеңиз бар? Кумтөр боюнча, балаңыздын активдери боюнча кандай жооп бере аласыз деген суроолорду берсе болот.

– Акаев тууралуу узун кеп уланып калды. Бул киши тууралуу дагы эмнелерди айта аласыз?

– Мындай урмат-сыйга ээ болгон чоң киши, жаманбы-жакшыбы, ката кетиргенби, кетирген эмеспи, кандай болгон учурда да биздин киши. Акаев – биздин өлкөнүн “чыгармачылыгы”. Физикалык жактан жаралган киши болобу, саясатчы болобу, Аскар Акаев – биздин элдин “интелектуалдык” менчиги. (!) Эмне үчүн анын акылынан, стратегиялык мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууга болбосун. Ал перзидент болууга кайра барбайт, анын жаш мөөнөтү өтүп кеткен. Эмне үчүн ага өлкөбүздүн коопсуздук программаларын иштеп чыгууга катышууга мүмкүндүк берсек болбойт. Өлкөнүн өнүгүүсү анын аймагынын кичинелигинен эле көз каранды эмес. Интеллектуалдык, экономикалык, саясий көз караштан алганда өлкөбүздү өнүктүрүүгө болот.

– Демек, колдо бар алтындын баркы жок дегени турасызбы?

– Кыргызстанда Акаевди баардык укуктарынан, жада калса пенсиясынан ажыратып салышса да, ал кыргыз илимпозу катары “биздин желегибизди бийик көтөрүп”, ишин улантууда. Мына жакында эле анын юбилейине арналган илимий-практикалык конференцияга 6 өлкө, анын ичинен Пекин, Башкыртостан жана башкалар чакырышты. Анын сүйлөгөн сөздөрүн чет өлкөлүк пресса кыргыз жана орус тилдеринде басып чыгарып жатат. Ал биздин маданиятты алга жылдырууда. (!)

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *