Маданият министри ырчы Малик Аликеевден кабар алды

   Мезгил

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бүгүн, 2-июнда видео байланыш аркылуу ырчы Малик Аликеев менен сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

 Маалым болгондой,  сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ырчынын ден соолугу, жакынкы аралыкта жасала турчу операциясы, чыгармачылыгы тууралуу сөз болгон.

“Азамат Жаманкулов ырчынын өзгөчө талантын эске алуу менен Маданият министрлиги аны мамлекеттик сыйлыкка көрсөтө тургандыгын маалымдады”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Малик Аликеев ден соолугуна байланыштуу учурда Таласта.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *