Мадумаров: Коронавирус деген ажиотаж болуп бийликке аябай жагымдуу болуп жатат

Мезгил

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров коронавирус боюнча оюн билдирди. Ал муну анчалык ажиотаж кылуунун кереги жок дейт.

  -Коронавирус деген менимче ажиотаж болуп бийликке аябай жагымдуу болуп жатат окшойт. Мынчалык ажиотаж кылуунун кажети жок. Деги эле баардык өлкөдө ажиотаж кылуунун кереги жок. 1,5 млдр Кытайда канча киши ушуну менен ууланды. Канча киши каза болду карап көрбөйсүздөрбү. Ошол эле сасык тумоодон, жүрөк оорудан, башка дарттардан  канчасы каза болуп жатат. Бул коронавирус дегенди көп эле андай кылып чоочулатуунун кереги жок. Мен бир профессордун пикирин окуп калдым. Эң коркунучтуусу бул-коркунуч дейт. Ошондуктан коркпоңуздар. Маңдайга эмне жазган болсо, ошону көрөбүз. Коронавирус жөнүндө ызы-чуу чыгаруу менимче бийликтегилерге абдан ыңгайлуу жагдай түзүлүп калган сыяктанат- дейт ал.

Мадумаров муну менен катар эле баардыгы пейилибизге жараша боло тургандыгын айтты.

  -Пейилибизди ток сактап, ниетибизди түз кылган болсок баардыгы ниетибизге жараша болот. Мисалы мен чынын айтайын менин үйүмдө 1 кг ун, же болбосо 3 кг шекер, 3 литр май  жок.   Үмүт эртеңкибизден, бүрсүгүнкүбүздөн же башкабыздан. Анан ниетибизди бузуп алган болсок, биринчиден жетишпегендиктен жетишпей калбайт, ниетибиз бузулуп калгандыктан ошондой болуп калышы мүмкүн. Ушундай кудай сактасын-деди Мадумаров. 

Мезгил ньюс  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *