Мадумаров: Кыргыздар орус тилин милдетүү түрдө  билиши керек

   Мезгил

Кыргыздар орус тилин милдетүү түрдө  билиши керек. Бул тууралуу  “Бутүн Кыргызстан” партиясынын лидери, президенттикке талапкер,  Адахан Мадумаров Орусиядагы телеканалдардын бирине маек берип  жатып айтты.

“Эгерде сен өз элиңдин чыныгы патриоту болсоң, анда орус тилин билишиң керек. Дал ушул тил кыргыздар менен башка элдердин ортосундагы көпүрө болуп саналат. Жакшы сөз бар – Кыргыз болуш үчүн алгач орус болуш керек-деди Мадумаров.

Белгилей кетсек, буга чейин Адахан Мадумаров Кремлде жолугушуу өткөргөн.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *