Мадумаров тажиктерден кыргыз жерин ижарага алууга кол койгон деген жерде тажик тарап өз билемдигин кылып жатат

   Мезгил

Кечөө кечинде, 17-октябрда Ош-Исфана жолунун тажиктердин Исфара-Ворух жолу менен кесилишкен жеринде тажик жол кызматкерлери “лежачий полицейский” (ылдамдыкты азайтуу максатында жолго туурасынан курулган секиртме дөбөчө) орното башташкан. Бул жерде өткөн айда тажик тарап чек ара көзөмөл пункттарын куруу боюнча макулдашпай туруп аракет жасап, бетон куя башташкан. Кийин 16-сентябрдагы Максат айылындагы куралдуу кагылышуудан соң эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүлөшүүлөрдү жүргүзүп, кабыл алынган макулдашуулардын шартына ылайык тажик тарап чек ара бекетин куруу боюнча куйган бетондорун бузушкан. Эми минтип жаңы өнөрлөрүн көрсөтүп жатышат.

Бул жол кесилиши эл оозунда Төрт көчө деп, жолдун кесилишинен улам аталып калган. Жалпысынан Жака-Өрүк тилкеси деп аталат. Баткенден чыгып Лейлектин борбору Исфананы көздөй бараткан Ош-Баткен-Исфана кан жолу Баткен районунун Көк-Таш айылынан өтүп, Орто-Боз айылына кире берген жерде, дарыядан көпүрө аркылуу өткөн жерде Ворух анклавына чыккан Исфара-Ворух жолу менен кесилишет. Мына ушул жерди Мадумаровдун ысы менен байланыштырып келет. Мадумаров Бакиевдин убагында  тажиктерден Жака-Өрүк деген кыргыз жерин ижарга алууга кол койгон деген жер ушул.

Жергиликтүү жашоочулардын берген маалыматтарына караганда Ош-Исфана жолуна тажик тарап кыргыз тарап менен макулдашпай туруп дөбөчө орноткон. Бүгүн Акрам Мадумаров менен Баткен районунун акими окуя болгон жерге барып, тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө тургандыгы маалым болду.

Жергиликтүү эл тажик тараптын бул өзүм билемдигине нараазы болуп жаткандыктарын билдиришти.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *