Махабат Мавлянова: Кыргызстан сабатсыздардын өлкөсүнө айланып кетүү коркунучу турат

Мезгил

Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн ишине парламент депутаттары да, активисттер да канааттанбаганы көп эле айтылып келе жатат. Бирок өкмөт башчы айрымдарына сөгүш жарыялап, эскертүү берүү менен чектелүүдө. Бизде татыктуу кадрлар жокпу? -деген сурообузду Жогорку Кеӊештин депутаты Махабат Мавляновага узаттык.

Эл өкүлүнүн айтымында, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарында иш чабал жүрүп жатат. Кыргызстан сабатсыздардын өлкөсүнө айланып кетүү коркунучу турат.

-Мен билим берүү министрлигинин жогорку окуу жайларындагы жем корлукту жоюуга жасаган аракеттин көрө алган жокмун. Жогорку окуу жайларындагы коррупция сабатсыз мектеп мугалимдерин, сабатсыз кесиптин ээлерин даярдап жатат. Билим көрөӊгөсү жетишпеген мугалим кантип окуучуларды билим деӊгээлин көтөрөт? Пайдубалы начар курулган муундан кантип кесипкөй адистер чыгат? Билимсиз адистер кантип өнүгүү жарата алат?

 

Ал эми саламаттыкты сактоо тармагыбызды айтпасам деле түшүнүктүү. Медициналык мекемелерибиздин абалы оор экенин эл дагы көрүп турат. Айрым дарыгерлер карапайым калкты дарылоону бизнеске айлантып алышты. Адам өмүрү алар үчүн эӊ акыркы орунда-деди Махабат Мавлянова.

Эл өкүлү бул көрүнүшкө көп жылдан берки түзүлгөн система күнөөлүү экенин, тамырланып элге каршы иштеген ушул системаны бузуп реформа жасоо абзел, ошондой эле ФОМСти жоюп Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүү зарыл деп кошумчалайт.

-Анткени, көптөгөн жарандарыбыз дарыгерлердин кайдыгерлиги менен ач көздүгүнөн улам чет жакка чыгып дарыланууга муктаж болгон учурлар да жок эмес. Анан калса, медициналык жабдыктар, эски, жетишсиз.  50-60-70-жылдары курулуп эскилиги жеткен имараттар. Кыскасы, оӊдойм-түзөйм деген кызматкерге жумуш толтура. Ошондой эле иштин көзүн билген, жөндөп кете ала турган кадрлар да бизде көп-деди Махабат Мавлянова.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *