Махабат Мавлянова: Мен элди колдойм. Жерди 49 жылга арендага берүү кооптуу

  Мезгил

Коомчулукту дүрбөлөңгө салган Ат-Башыга логистикалык борбор  жергиликтүү тургундардын нааразычылыгынан улам курулбай турган болду. Бул чечим туура болдубу же логистикалык борбор  курулушу зарыл беле. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянованын оюн билдик.

Депутат элди колдой тургандыгын жана жерди 49 жылга арендага берүү кооптуу экендигин айтты.

-Жер арендага 49 жылга Кытай Эл Республикасынын жараны көпчүлүк үлүшүнө ээлик кылган компанияга берилген болсо туура эмес болот. Эл ошондуктан каршы чыкты. Мен элди колдойм.  Эгер жерди арендага берүүдө мамлекеттин кызыкчылыгына, бүтүндүгүнө каршы келбеген шартта инвесторго берген болсо, экономиканын өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзүлмөк. Ошондуктан мен ойлойм, өкмөт инвестиция чакырууда элдин кызыкчылыгын жогору койгон укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу керек. Кээ бир мамлекеттерде, маселен Таиландда чет элдик инвестор   инвестиция жасаса ошол өлкөнүн жаранынын компанияда 51 пайыз үлүшү болсо гана инвестиция жасай алат. Эмне болгон күндө да менин жеке ойумча биздин өлкө менен чектешкен өлкөнүн жарандарына жерди 49 жылга арендага берүү кооптуу-дейт депутат. 

Белгилей кетсек, жергиликтүү элдин каршылыгынан улам Ат-Башы районуна 280 млн. доллар жумшалат деп жаткан логистикалык борбор курулбай калды. Борборду салганы жаткан «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» мындай чечимди 17-февралда кабыл алды.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *