Майда бирок, маанилүү кеңештер

    Мезгил

Бир аз балга кичине каймак май кошуп тилде кармаса жөтөл басылат.

Эгерде артериалык кан басымы көтөрүлсө, “леденцы” же коюлтулган сүттү (сгущенное молоко) тилде кармап турса, жакшы жардам берет.

Ар кандай момпосуйлар, клубника же малина вареньеси, халва да жакшы, 5-7 минут тилде кармап турса кадимкидей шыпаа тийгизет.

Кан басымын төмөндөтүүнүн дагы бир жолу мындай: кара жемиштүү четиндин ширеси бир айдын ичинде кан басымын төмөндөтөт.

Күнүнө 3 маал 100 гр. жемишин жеп, 50 мл. ширесин ичсеңиз өзүңүздү жакшы сезип каласыз. Дарылоонун курсун жылына бир жолу өткөрөсүз. Калган убакта адаттагыдай эле витаминдүү ширелерди жана жүрөктү чыңдоочу маңыздарды иче бергениңиз пайдалуу.

Ал эми артериалык кан басымы түшкөндө ооздо, тилде суу кошулган лимон ширесин кармап туруу керек.

Ачууланып, тынчы кетүү абалын жок кылыш үчүн жалбыз чайын оозго алуу жетиштүү.

 Жалбыз чайы кантип даярдалат? 1 чай кашык жалбыздын жалбырагын бир стакан кайнак сууга демдеп, чайнекти жылуулап ороп, 10-15 минут коё турат. Ушундан соң аны эки кабат дакиден өткөрүп, сүзүп алса чай ичкенге даяр болот.

 Көздүн көрүүсүн жакшырта турган каражат. Кытай лимоннигинин мөмөсүнүн бир бөлүгүн алып, анын 3 бөлүгүнө 70 пайыз спирт кошот. Моюндуу күңүрт айнек идишке эки жумача коюп, мезгил-мезгили менен чайкап турат. Аны ачкарын 20-30 тамчыдан же тамак ичкенден 4 
сааттан кийин күнүнө 2-3 маал 20-25 күн ичет.

 Эки даана сабиз жесеңиз, пайдалуу бета-каротиндин бир күндүк үлүшүн алдым деп эсептеңиз. Ошол эле кезде тишти бекемдейт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *