Максат Довранов: Гүлшайыр апа, Сайкал кайрат кылыңыздар!

Мезгил

Телеалпаруучу Максат Довранов ырчы мурдагы жубайы Сайкал Садыбакасова менен мурдагы кайненеси Гүлшайыр Садыбакасованын аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтты.

“Эркин өтө элпек, зирек бала эле. Айла жок, өтө жаш кеттиң иним. Гүлшайыр апа, Сайкал кайрат кылыңыздар. Эркин башында “жезде” дей албай, “Максат аке” деп жүрдү. Кийин “жезде” деп, бүгүнкү күнгө чейин “Максат жезде” деп кайрылчу. Эки күн мурун эле сүйлөшкөн болчубуз. Бишкекте жашап, бир кафеде, кофе боюнча адис болуп иштеп жатканын айткан. Көп тил билген, билимдүү бала эле. Үйгө көп келчү. Орду менен сүйлөгөнүн, зиректигин, элпектигин көрүп тарбиясына суктанчуумун. Францияда окуп билим алам деген кыялдары бар эле.Эркин, жаткан жериң жайлуу, топурагың торкоо болсун”-деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын эл артисти, таланттуу инсан Гүлшайыр Садыбакасованын 19 жаштагы уулу  Эркин жүрөк оорусунан улам каза болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *