Максаттагы чек ара чыры. УКМК унчукпагыла деди

Мезгил

* Чек ара чырынан 41 жаштагы жоокер Равшан Муминов окко учуп, 3 баласы жана карыган апасы артында кароосуз калды. “Бөрү” тобунун жоокеринин сөөгү Исфана шаарында жерге берилди.

* Чырдан улам жапа чеккен 10 жабрылануучу учак менен Бишкекке жеткирилди. 3 жоокер Исфана шаарынын ооруканасында дарыланууда.

* Тажик тараптан 3 жоокер каза болуп, 6 киши жарат алгандыгы тууралуу маалымат тарады.

* Парламент депутаттарынан турган топ, Өкмөт башчысы, вице-пресьери, чек ара башчылары баш болгон топ Максат айылына барышты.

* Эки мамлекеттин жетекчилеринин ортосунда жолугушуу болуп, сүйлөшүүлөр жүрдү.

* Чек ара чыры боюнча Өкмөт мүчөлөрүнө наразы болгон топ ЖКнын гүлбагынын алдында чогулушуп, бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Алар бир топ талаптарды 2 саатта чечип берүүнү талап кылышты.

* Окуя болгон Максат айылында мектептин терезелерине, аскердик кароол секисине жана 1 автомашинага ок тийип, “жабыркагандыгы” тууралуу маалымат тарады.

* “Кулунду авто жолун” тажик тарап бир тараптуу жаап салды. Бирок бул жерде үчүнчү өлкөнүн жарандары тоскоолдуксуз өтө алышат.

* Чыр чыккан учурда тажик тарап чек арага жакын оор согуштук техникаларын жакын алып келгендиги тууралуу маалымат айтылды.

* Аскер прокуратурасы “киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Маркумду атып өлтүргөн айыпкерди Тажикстандан таап келип камоо жагы кандай болор экен? Же бул кылмыш иши кагаз жүзүндө кала береби?

* Катыраң Айыл кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаев укук коргоо органдарына 8 саат сурак берип чыкты. Ал жерде депутаттан эмне жөнүндө такып сурашкандыгы тууралуу эч кимге айтпай турган тил кат берип чыгыптыр.

* УКМК ЖМК өкүлдөрүнө жана жалпы журтка провокацияга алдырбоого чакырды.

 Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *