Малахов кечирим сураган жок, “мени туура эмес түшүнүп алышканына өкүнөм” деди

    Мезгил

Андрей Малаховдун “Инстаграм” баракчасын эки суткада 20 миңден ашуун кыргызстандык “тытып” жиберишкен. Элчилик, ТИМ тарабынан да аракеттер жасалды. Ал өзү кыргыз деген эркин элдин мындай реакция берерин күткөн эместигин жазып чыкты. Албетте кыргыз элине карата көз карашы сый экендигин, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен сүрөтчү Семён Чуйковдон бери сөз баштап келип, өзүн кыргыздын талантууларын билген билерман катары көрсөткүсү келиптир. Бирок кыргыз элинен кечирим сураштын ордуна “мени туура эмес түшүнүп алышкана өкүнөм” деп сөз менен буйтап кетиптир.

Мунусуна деле мейли дейли. Бирок теле берүү учурунда али соттоло элек кыргызстандык айдоочу айыпкерге карата Малаховдун өз “чечимин” чыгарып алып, “буюртма адам өлтүрүү болду” деген мааниде күнөөлөп сүйлөп жатканына юридикалык жактан баа бере тургандар бар бекен? Анткени азырынча кыргызстандык айдоочунун соту боло элек. Күнөөсү мойнуна толук койгон чечим чыгарыла элек, б.а. учурда аны айыпталуучу десек болот.

Ошол эле учурда Малаховдун теле аркылуу көрсөткөн видео-далили күмөндүү, жасалма болуп калуусу да ыктымал деген версияны да четке кагууга болбойт. “Айыпталуучу” менен “күнөлүүнүн” айырмасын ажыратып биле албаган, колбаса олигархына жагынгысы келген Андрей Малаховдун юридикалык сабаты “носкиде” окшойт.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *