Малаховду жайында Ысык-Көлгө чакырып, кой союп коноктобойлубу, ыя?

  Мезгил

Кыргыз элине теле аркылуу акарат сөзүн жолдоп алып, кийин кыргызча “кечирип койгула” деп кечирим сураган Андрей Малахов Москвадагы кыргыз элчилигине барыптыр. Ал теле аркылуу айткан сөзү үчүн уялып калганын, бул өзү үчүн чоң сабак болгонун, Кыргызстан менен кызматташууга даяр экендигин билдириптир.

Ийилген башты кылыч кеспейт дейт кыргызда. Кыргыздын көөдөнү кенен, кечиримдүү, кең пейил эл. Малахов Малахов болгонуна карабай кыргыздардан кечирим сураганынын урматына келерки жылы Ысык-Көлгө чакырып, кой союп коноктоп, Гагаринге ак калпак кийгизгендей анын да башына ак калпакты баса кийгизип сыйыбызды көрсөтпөйлүбү, ыя? Ал болсо кыргыз жайлоолорун, керемет сууларыбызды, элибиздин жашоосун көрүп суктанып, мындан кийин Кыргызстанды теледен мактап эле жатып калмак. Өлкөдөгү өнүктүрө албай жаткан туризимди акысыз жарнамалап алмакпыз да. Менимче бул деле жаман идея болбосо керек.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *