Малика Дина: Абдумалик Шерматовдун кызы болуп төрөлгөнүмө өкүнөм

 

Мезгил

Ырчы Малика Дина “Абдумалик Шерматовдун кызы болуп төрөлүп, анын мүнөзүн алып жүргөнүмө өкүнөм”- деди.   Бул тууралуу ал өзүнүн интернеттеги баракчасына жазды.   

Ал жерде атасына болгон нараазычылыгын билдирип, апасынан анын фамилиясын берүүнү өзү  өтүнгөнүн жазган.

 Ал эми буга чейин  Абдумалик Шерматов кызыңызга жолугуп турасызбы деген суроого  

–        Динара ушул жерден чоң катачылык келтирди. Кызымдын фамилиясын Акулова деп өткөрүп алыптыр. Менин кызым экени жалган эмес да. Дагы бир катасы- кызым экөөбүздү такыр сүйлөштүрбөй жатат. Ошондуктан, Малика менен көптөн бери  сүйлөшө элекмин- деген. 

Белгилей кетсек, буга чейин Малика Дина атасы Абдумалик Шерматов ага эч кандай жардам бербей тургандыгын айткан.   

Булак: Мезгил ньюс  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *