Мамасадык Бакиров калайманды катуу салганга киришти

    Мезгил

Ош облусунун мурдагы губернатору Мамасадык Бакиров табиятынан күрөшчүл жигит. Өжөр! Буга дейре канча ирет сын-пикир жазсак да айрым саясатчылар сымал чычалап кетпей, сунуштарды реалдуу кабыл алат. Ошон үчүн өсүп келатат десек да жарашат. 2015-жылы кадимки Алтынбек Сулаймановго тээк болуп, “Бир Бол” партиясынын жеңиши үчүн опол тоодой салымын кошуп келген. Эмгеги акталбай калганын жамы журт жакшы билет. Бүгүн Макебиз саясый күрөштөн четте калбай, курамында жаштар менен тажрыйбалуу саясатчылардан куралган “Ыйман Нуру” партиясынын шайлоо маалындагы штаб-башчылык кызматын аркалоого бел байлады.

Партиянын ишин жандандырып, “эки тизгин, бир чылбырды колго алган” Макебиздин кабылдамасында ушул сааттарда кезек күткөндөрдүн катары калыңдаганын көрүп, штабда кыжы-кужу иш жүрүп жатканын байкоого болот. Кыргызда “шайтандын чоңунан эмес, кичинесинен корк” – деген макал тегин жерден чыкпаганын эске алсак, Макебиз бул сапар өзү багыт алган топ менен бирдин ичинен чыкчудан. Так, что алдыдагы аламанда Мамасадык Бакиров жетектеген топ мүдүрүлбөй, жеңишке ишеним менен келээри болжолдонуп калды. Ташыркабашса, табына келишсе чуркай беришсин да, туурабы?

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *