Мамасадык Бакиров саясый топторду сыдыргыдан өткөрүүдө

   Мезгил

Ош облусунун мурдагы губернатору Мамасадык Бакиров соңку убакта саясатта ың-жыңы чыкпай кеткен. Табиятынан коомчулук көзүнө анчейин чыгышты жактыра бербеген каарманыбызга издөө салсак, ушул күндөрү жайлоодогу эс алуусу аяктап, жакага түшкөнү, бир катар партиялар менен келечекке карай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалым болду. Албетте, Мамасадык акебизде айрым “маслократтардай” капчык калың болбосо дагы акыл-көрөңгө, коомдук, саясый кубулуштарга берген анализи мыкты экени белгилүү. Бул жагын айрым партиялар эске алса жарашмак. Баягы “шайтандын чоңунан кичинеси…” деген аныктама дал ушул фигурага куп жарашып, далайлардын шайын оодарган тактикасы шайлоодо чоң жеңишке жол ачмак.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *