Мамэкотехинспекция  коррупцияны колдойбу? Коррупцияга каршы чыккан маалымат катчы кызматтан айдалды

Мезгил

Мамлекеттик экологиялык –техникалык инспекциясынын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева пикетке чыкканы үчүн жумуштан бошотулду. Ал коррупцияга каршы уюштурулган пикетке катышкан.

Аталган инспекциянын жетекчи орун басары Расул Артыкбаевдин маалыматына караганда, Анара Мамбеталиеваны кызматтан алуу мыйзам чегинде болгон.

“Мен ал убакта эмгек эргүүсүндө жүргөн. Маалымат катчыны пикетке чыгууга эмне мажбур кылганын билбейм. 15-августта жетекчи Мамбеталиеваны кызматтан алуу боюнча буйругун чыгарды. Мамлекеттик кызматкерлерди милдетин так сактабагандыгы үчүн кызматтан алууга болот. Аларга митинг, пикет уюштурууга тыюу салынган”, – дейт орун басар.

Анара Мамбеталиева соцтармактагы баракчасына:

“Ич ара коррупционерлер менен алышып отуруп акыры мамлекеттик кызматка кайтып келбес беренеси менен иштен кеттим!!!  Инспекция коррупциянын сазына чөгүп бара жатат, карап туруп андайга жол бере албадым,чындыкты инспекциянын ичинен издейм деп, карьерама балта чабылды, эми жаратылышты, коопсуздукту кантип коргойм!” – деген билдирүүсүн калтырган.

Соцтармактын колдонуучулары Мамэкотехинспекциянын жетекчилигин айыптап, Мамбеталиеванын таламыш талашышууда. Айрымдары бул коррупцияга ык салуунун ачык көрүнүшү экенин белгилеп,  УКМК чара көрүшү керектигин да билдиришти.

Булак: Мезгил Ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *